Супер инфо гороскоп 2021
№942 24-30 декабрь, 2020-ж
КОЙ (21.03-20.04)
Өзүңүздү коргоп, принциптерге туруп иш жүргүзчү апта. Жумуштар бат бүтүшү үчүн ишеничтүү тааныштардан жардам сураңыз. Оор нерселерди көтөрүп бир жерди оорутуп алуудан сак болуу кажет. Үйдөгүлөрдүн көңүлүн алуу үчүн муктаж нерсесин сатып алып бересиз. Жаңылыктар көп болот. Чакырган жерге баруу же барбоо жагы ойлондурат.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакын туугандарыңыз сизге көйгөй жаратышат. Мунун арты чатакка жеткирбегидей кылып маселени чечүү керек. Башталган ишти аягына чыгаруу үчүн көп энергия жумшайсыз. Алдыга план түзүүдө азгырыктарга алдырбоо сунушталат. Айрымдар жумушунан сыйлыкка илинишет. Жаңы буюмдуу болуп сүйүнүшүңүз күтүлүүдө.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жакындардын сүйүүсү жана камкордугуна бөлөнөсүз. Жумушта ката кетирип жибербөөгө, досторду таарынтып албоого аракет кылыңыз. Ички туюмуңуз киреше табууда жардамчы болот. Жакшылыкка баары эле жакшылык менен жооп бербестигин бир кырдаалдан улам билесиз. Белектүү болушуңуз ыктымал. Айттырбай коноктор келери күтүлүүдө.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жашооңузда бурулуш болот. Оңой акча табууга мүмкүнчүлүк жаралат. Баарын так ойлонуп чыксаңыз, кооптуу кадамдар өзүн актайт. Жакындарыңыздын жанында болуп, жакшы кеч өткөрүүгө аракет кылыңыз. Талаштуу маселелер сиздин пайдага чечилиши үчүн кызыл тилдүүлүктү колдонуңуз. Бирөөнү сапардан тосуп аласыз же узатасыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Бирөөлөргө акыл үйрөтө берип жинине тийүүдөн алыс болуңуз. Тамак-аштын сапатына көңүл буруп, спирт ичимдиктеринен алыс болгон оң. Анткени ууланып калуу же ден соолуктун начарлашы күтүлүүдө. Коммерциялык иштер киреше алып келет. Үй-бүлө мүчөлөрү болуп бир ийгиликти белгилейсиздер. Уурулардан сактанып үйдү ээн калтырбаңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көрүнбөй кеткен досторуңуз табылып, өздөрүнөн кабар берет. Жекече сырды аларга ачып кереги жок. Бош убакта чыгармачылык менен алектенүү сунушталат. Балдардын туура эмес кылык-жоруктары үчүн аларды урушпай, жөн гана түшүндүрүү жетиштүү. Туугандардын үйүндө конокто болосуз. Бирок ашыкча чыгымга жол бербеңиз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Кооптуу иштер натыйжа алып келбейт. Демилгеси жок адамдар идеяларын ишке ашыра албай кыйналышат. Жолугушуу достук мүнөздө өтүп, жаңылыктарды тартуулайт. Сүйүктүүңүздүн талабын орундатам деп бир топ убара тартасыз. Жаңы кийимдүү болушуңуз мүмкүн. Уккан жаңылыктардын ичинен кубанычтуусу, сизге тийиштүүсү да болот.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Үй-бүлө менен чогуу эс алуу маанайды көтөрөт. Каада-салтты ашыкча карманган туугандарга каршы пикир айтпай туруңуз. Жетекчилик тарабынан айтылган сунуш тууралуу ойлонуп көрүү керек. Жеке жашоодо кетирген катачылыктарды оңдоого мүмкүнчүлүк чыгат. Суукка урунуп калбаңыз, ооруп калуу коркунучу бар.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бир топ белектер, жылуу мамилелер күтөт. Үйдөгүлөргө көп сын айта берип маанайын бузбаңыз. Сатуу жана сатып алуулар ойдогудай жүрөт. Болгону акчаны туура эсептеп, алданып калбоо керек. Кышкы эс алууга чыгып келүү – Жаңы жылга жакшы дем тартуулайт. Кошуналар менен баарлашууда бир топ жаңы нерселерди билесиз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аракетиңизге жараша материалдык абалыңыз турукташат. Жакындарыңыз да материалдык көмөк көрсөтөт. Айрымдар балдарга сюрприз даярдоо менен алектенишет. Кастын капканына түшпөө үчүн этияттап сүйлөө зарыл. Шашылыш жүргөндө бир нерселерди сатып албаңыз. Туура эмес тамактануу өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Ойлонулган план ишке ашат. Ишенимдүү эмес адамдарды өзүңүзгө жакындатпаңыз. Жолугушуулар жакшы өтүп, жемиштүү болот. Күтүлбөгөн туура чечимиңиз аброюңузду көтөрөт. Сиз баарлашкан абройлуу адамдардын таасиринен улам убактылуу аларга көз каранды болуп калууга жетпеңиз. Жагымдуу сюрприз күтө берсеңиз болот.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Ийгиликке жетүү үчүн өжөрлүк керек. Иштин жыйынтыгы бат эле чыгат деп күтпөңүз. Арты жакшылыкка алып келбей тургандыктан бирөөнүн сөзүнө кирип, туура эмес нерсе жасап жибербеңиз. Күтүлбөгөн чыгымдардан улам капчыгыңыз жукарат. Чөйрөдөгүлөр аптада узакка эсте сакталчу шаңдуу кечти тартуулашат. Өзүңүздү чектебеңиз.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Источник
Супер инфо гороскоп 2021
№943 30-декабрь — 6-январь, 2020-21-ж
Чыгыш календары боюнча 2021-жыл Ак металл уй жылы деп белгиленет. Кытай жыл санагы боюнча аталган цикл 2021-жылдын 21-февралында башталып, 2022-жылдын 30-январына чейин уланат. Ак металл уйдун жылы жалпысынан жагымдуу өзгөрүүлөргө кепилдик берет. Бирок анын акысына адамдардан талыкпаган эмгек жана өзүнүн үстүнөн активдүү иштөөнү талап кылары айтылат. Төрөлгөн жылыңызга жараша сизди 2021-жылы эмнелер күтөрү астрологдордун божомолунда.
ЧЫЧКАН
(1948, 1960, 1972, 1984, 1996, 2008, 2020)
Чычкан жылында төрөлгөндөр үчүн жагымдуу маалымат бар: Кытай философиясында Чычкандар Уйга дос болуп саналат. Демек, жылдыздар белгилегендей, Уй жылында сиздин бардык баштаган иштериңизди ийгиликтер коштоп турмакчы. Көп нерсени жаңы барактан баштоо сунушталат. Буга чейин сизди кыжалат кылып келген иштердин бетин жаап, жаңы китептердин бетин ачыңыз, пландарды түзүңүз. Ар бир пландын аткарылышын жоопкерчилик менен көзөмөлдөңүз. Бул жылы өзүңүзгө, психологиялык жана физикалык саламаттыгыңызга жакшылап көңүл буруңуз. Өзүңүз менен гармонияда болсоңуз, жеке жашоо, финансы жааты жана үй-бүлөлүк маселелер да дайым өз нугунда болмокчу.
УЙ
(1949, 1961, 1973, 1985, 1997, 2009, 2021)
Алдыңкы 12 айга карата сиздин урааныңыз – “Баары колумдан келет!” 2021-жыл – сиздин жыл. Демек, кыялданып, бирок улам артка жылдырып жүргөн бардык изги тилектерди ишке ашырууга киришүү керек. Уй жылында сизди каржы жаатындагы ийгиликтер күтөт. Мунун артында чыгармачыл адамдар үчүн жаңы долбоорлор, бизнес жаатындагылар үчүн банктык эсептердин көлөмүнүн жогорулашы орун алат. Жеке жашоодо жалгыз бой Уйларды жагымдуу сюрприздер күтөт: алар өз түгөйлөрүн таап кол кармашышмакчы. Жалпысынан өзүңүздүн жыл өзүңүзгө бап келмекчи. Мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай кармап калыңыз.
ЖОЛБОРС
(1950, 1962, 1974, 1986, 1998, 2010)
Жолборстор үчүн оңой жылдардан болбойт. Андыктан бул жылы төрөлгөндөр бекем жана эр жүрөк болуулары шарт. Жеке жашоодо жана жумушта дагы бардык өзгөрүүлөрдү кабыл алууга даяр туруңуз. Турмуштук оңой эмес абалдардан жеңил чыгып кетүү үчүн сизге токтоолук, чыдамкайлык керек. Ойлонулбай жасалган кадамдар жана чыр-чатакка баруу бардыгын артка тарткандан башка пайда алып келбейт. Айтмакчы, жеке жашоодо жаралган маселелерди турмуштук тажрыйбаңызга таянып чечсеңиз болот. Жакын санаалаш адамдарыңыз менен тыгыз байланышта болуп, алардын баркын билесиз. Тобокелчиликтер, жеңил ойлуулук бул жылы Жолборстор үчүн эмес.
КОЁН
(1951, 1963, 1975, 1987, 1999, 2011)
2021-жыл Коёндорго көптөгөн сюрприздерди даярдап койду дешет жылдыздар. Сиз бардык өзгөрүүлөр жакшылыкка алып барат деген оптимисттик дем менен жашаңыз. Бир нерсе план боюнча кетпей жатканын байкасаңыз, баарын токтоолук менен кабыл алып, дүрбөлөңгө алдырбаган туура. Эгер кандайдыр бир иштериңиз оңунан чыкпай жатса же жеке жашоодогу мамилелер солгундап кетсе, көйгөйлөргө баш бербей, оптимист болуу сунушталат. Ошондой эле бул жылы ден соолукка өзгөчө олуттуу көз караш менен кароо эскертилет. Каржы жаатында туруктуу киреше келип туруучу булактын көзү ачылат.
БАЛЫК
(1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012)
Жумуштан чоң тажрыйба топтоого, карьералык жактан өсүүгө жана турмуштан көп нерсени түшүнүүгө алып келген жыл болот. Ошондой эле көптөгөн тоскоолдуктар менен чогуу жарышка түшөсүз. Тынбай эмгектенүү, ак ниеттүүлүк жарыштан озуп кетүүгө жардамын тийгизет. Жоопкерчилик менен, ошондой эле өзүңүздөгү болгон потенциалды колдонуу – бирөөлөрдөн көз карандысыз болууга жеткирет. Муну менен каржы жаатын да жакшыртып аласыз. Эркиндиктин ырахатын сезесиз. Түгөйүңүз сизден көп көңүл бурууну талап кылат. Жумуш жана жеке жашоону бир өңчөй алып кетүүгө сиздин энергияңыз толук жетиштүү болмокчу.
ЖЫЛАН
(1953, 1965, 1977, 1989, 2001, 2013)
Жылан жылында төрөлгөндөр “жети өлчөп, бир кес” деген накыл кепти лозунг кылып алышса туура. Уй жылы сизге бардык нерсеге абай салып, этияттык менен иш кылууну сунуштайт. Антпесе жагымсыз кадамдар жасалып кетиши же өзүңүзгө жок жерден көйгөй таап алышыңыз ыктымал. Алдыга койгон максаттарды акырындан ишке ашыра бериңиз. Быйыл жүрүшүңүз бир калыпта, өтө алдыга кетпей, элдин артында да калбай жоон ортодо болгонуңуз бардык жактан пайда алып келет. Ден соолугуңуз да өз жайында болмокчу. Жеке мамилелерде эмоционалдуулугуңуз сизге душман болуп калбашы үчүн сабырдуулук талап кылынат.
ЖЫЛКЫ
(1954, 1966, 1978, 1990, 2002, 2014)
Келе жаткан жылга коюлган максаттарды тизмектеп бүтүп калсаңыз керек. Эми жаңы жылда аларды ишке ашыруунун пландарын түзүүгө кезек келди. План гана түзүп отура бербестен, аларды ишке ашырууга чоң күч жумшоо керек. Анткени бардык ийгиликтерге эмгек менен жетишмекчисиз. Анекдотто айтылгандай, аттын такасы ийгилик алып келет деп, каалганын үстүнө илип алып ырымдап отура бербей, таканы бутка тагып алып, талыкпай иштешиңиз керек. Сизге бул жылы бардык жасаган ишиңизден ырахат алуу бактысын буюрат. Демек, ишим алдыга жылат экен деп эсептей бериңиз. Баса, жакындарга байланышып, жок дегенде алыстан телефон чалып ал-акыбалын сурап туруу да милдетиңиз.
КОЙ
(1955, 1967,1979, 1991, 2003, 2015)
2021-жыл сизге оңой эмес сценарий даярдап койгон өңдүү. Дароо эле айта берели: сизди кесиптештер менен болгон конфликттер жана үй-бүлөдөгү анча-мынча чыр-чатактардын орун алышы күтөт. Көп нерсени жүрөккө жакын кабыл албоо сунушталат. Абалды турукташтыруу үчүн сабырдуулук талап кылынат. Ошондой эле талашкан маселени жакшылап таразалап көрүп, эгер сизге анча пайда келбесин түшүнсөңүз, жеңилип коюу деле туура. Убакытты уруш-талашка кетирүү – катачылык экенин түшүнөсүз. Мындан улам үй-бүлөдөгү чырлуу маселелерди чечүүгө өзүңүз жең түрө киришесиз. Жыйынтыгы жакындардын сизди туура түшүнүүсү менен аяктайт.
МАЙМЫЛ
(1956, 1968, 1980, 1992, 2004, 2016)
Агымга каршы сүзүү, толкун менен алышуу, айтор, бул жылы сизди ар кандай тоскоолдуктар, ошону менен катар ийгиликтер дагы күтүп жатат. Ийкемдүү болуу, бирок өз позициядан тайбай бир аз куулук кылуу сунушталат. Ошондо кандай гана кырдаал болбосун жылчык таап чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Каражат жаатына келсек, өтө кирешелүү жыл болот десек жарашпайт. Ошондуктан үнөмдөө, ашыкча каражат корогон иштерди жасоону азыраак кылуу керек. Жеке мамилелерде да ийкемдүүлүк талап кылынат. Түгөйүңүздүн көйгөйлөрүн уга билип, жалпы маселелерди чогуу чечүүнү колго алыңыз.
ТООК
(1957, 1969, 1981, 1993, 2005, 2017)
Сюрприздерге бай жыл! Өзүңүздөгү эбегейсиз күчтү, харизманы колдонуп бардык максаттарга жетсеңиз болот. Сиздин алтынчы туюмуңуз, интуицияңыз да күчтүү болуп чыга келмекчи. Эки анжы болуп турган иштерге тобокелдик жасап көрүү да кызыктуу эксперименттерден болуп калмакчы. Муну айрыкча түгөй издеп жүргөн бойдоктор кылса туура. Жыйынтыгы маанилүү эмес, сиз жаман болду дегенде пайдалуу тажрыйбага ээ болосуз. Быйыл сиздин жеке жашоодо ак сызык кенен болот. Үй-бүлөлүк гармония орун алат. Бойдоктор сүйүктүүсүнө жолугуп, келечекке жакшы кадамдарды ташташат.
ИТ
(1958, 1970, 1982, 1994, 2006, 2018)
Сиз үчүн бирөөлөр чечим кабыл алышына жол бербеңиз. Быйыл өзүңүзгө гана ишенип иш кылган туура. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз, билим алыңыз, жаңы нерселерди үйрөнүңүз. Адамдар менен тандап мамиле түзүңүз. Үй-бүлө, жакындар жана балдар гана сизге күйө турган адамдар экенин эстен чыгарбаңыз. Бирөөнүн жашоосуна карап суктанып отура бербей, ордуңуздан козголуп алдыга умтулуу көп болбосо да, жакшы жыйынтык бермекчи. Уй жылында саламаттыкка да олуттуу мамиле жасоо сунушталат. Керектөөлөрдү, чыгаша жана кирешени жазып, иреттештирип, сарамжал болууга, акча жүгүртүүнүн жолун өздөштүрүүгө чакырышат жылдыздар.
ДОҢУЗ
(1959, 1971, 1983, 1995, 2007, 2019)
Позитивдүүлүк сизге жакын дос болуп бермекчи. Бардык нерсени көңүлдүү маанайда, көйгөй катары көрбөй кабыл алуу сунушталат. Бул сиздин ден соолукка да оң таасирин берип, бир топ нерв клеткаларын сактап калууга жол ачат. Оңой көрүнгөн иштерди жасай келгенде оорчулугун сезесиз. Ошондуктан кандай ишке киришсеңиз да жакшы күч, бекем тыл жана каражат камдап алып баштаган туура. Каржы жаатында маселе жаралса жакындардан жардам сураңыз. Кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү алыс эмес. Жоопкерчиликтүү, так болуп, айланадагылардын ишениминен чыкпоого аракет жасаңыз. Бул сизге аброй, киреше алып келет. Тууган-урук менен байланышты күчтөп, үй-бүлөдөгү маселелерди көңүл сыртында калтырбай убагында чечип туруу сунушталат.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Источник