Гороскоп кыргызча 2021 букачар аяалдар

Гороскоп кыргызча 2021 букачар аяалдар

№940 10-16-декабрь, 2020-ж.

Уй жылы босогодо турат. Чычкан жылында оор жоготууларды, кыйынчылыктарды башынан өткөргөн бүтүндөй дүйнө эли ушул жыл өтүп кетсе эле бардык жакшылыктар жаңы жылда шатыра-шатман тосуп ала тургандай үмүт менен Уй жылын күтүүдө. Ошондой эле болсун! Алдыда 2021-жаңы жылда кайсы жылдыз ээсин кандай жашоо күтөрү боюнча жылдыз төлгө сунуштайбыз.

КОЙ (21.03-20.04)

Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр 2021-жылы өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Кытай календары боюнча, келе жаткан Уй жылы өзүнө окшогон өжөр, максатына бекем турган, туруктуу жандарды жактырат. Ошол себептен Койлордо кездешкен дал ушул мүнөздөрдү баалап, Уй жылы аларды бардык ишиндеги ийгилиги менен сыйлайт. 2021-жылдын биринчи жарымы өзгөчө ийгиликтер менен өтөт. Ал эми жылдын экинчи жарымы биринчи жарымында кандай иштерди жасагандыгынан көз каранды болмокчу. Колдон келишинче жылдын биринчи жарымында келген ийгиликтерди, кызматтан көтөрүлүү, каражат, үй-бүлөлүк бакубатчылык сыяктуу жагымдуу көз ирмемдерди кармап калуу керек.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Сүйүү жана үй-бүлө жаатында күткөн мүнөзүнө жараша жооп алышат. Түгөй издеп жүргөн бойдоктор үчүн издегени табылат. Бул жылы аларда сүйүү жана жөн гана жактыруу сезими аралаш жүрөт. 2021-жыл бойдок Койлор үчүн үй-бүлө союзун курууга идеалдуу жыл болмокчу. Түгөйлөр ортосундагы араздашуу, пикир келишпестиктер март айынан июнь айына чейин орун алышы күтүлүүдө.

Жашоонун ак сызыгында келе жатканына карабай, Кой жылдызындагыларды саламаттыгында жаралган маселелер ойлондурмакчы. Айрыкча октябрь айларында ар кандай оорулар жабышып, Койлордун жүрүшү басаңдайт. Өзгөчө көңүл буруучу маселелер: нерв системинин абалы, уйкусуздук, аллергия, ичеги-карын оорулары жана сезондук грипп, суук тийүү сыяктуу көйгөйлөр. Мындан тышкары кайсы бир органга операция жасатуу же тиштерди дарылатуу, салдыруу сыяктуу пландалып жүргөн иштерди сөзсүз ишке ашыруу керек.

Жылдын алгачкы үч айлыгындагы маңдай терди төгүп иштөө, өжөрлүк, жумуш боюнча сүйлөшүүлөр апрель айларында эле өз жемишин бере баштайт. Карьералык өсүү, айлык акылардын көбөйүшү, бизнес талаасындагы ийгиликтер кубантат. “Ак металл уй” эмгекчил адамдарды сүйөт. Андыктан жалкоолор чөнтөгүнүн жукалыгына өзүн гана күнөөлөшү керек болот.

Келип түшкөн каражаттын арты менен эйфорияга чөмүлүп калбай, учурдан пайдаланып акча чогултуу, банктан аманат ачып каражат топтоо, сатса баа боло турган буюмдарды алып коюу сунушталат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздер бул жылы кумурскадай эмгектениши керек. Мунун акыбети сөзсүз кайтарына жылдыздар сөз беришет. Жыл башында жана жаз мезгилинде көргөн эмгектин жыйынтыгын жайында көрөсүз. Тактап айтканда, сонун эс алуу, жумушунан каалагандай убакытка өргүү бактысы буюрат. Октябрь айында үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакындардын маселеси менен чуркайсыз. Көпчүлүк учурда Эгиздер өзүнө кам көрүш керек экенин экинчи планга жылдырып же унутуп деле коюшат. Андыктан ден соолукка олуттуу мамиле жасоо сунушталат.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Эгиздердин стихиясы аба болгондуктан, аларга мүнөздөмө бергенде туруксуздук менен көп айкалыштырышат. Уй жылында аларга бул мүнөздөмө таасирин тийгизбеши мүмкүн. Тактап айтканда, түгөй издегендер сүйүктүүсүн таап, түтүн булатууга шерттешишет. Албетте, жеңил жана кыска убакытка созулган мамилелер да орун албай койбойт. Уй жылы үй-бүлөлүү туруп башка мамилени көксөгөндөргө ырайым кылбайт. Мындай аягы суюк мамилелер үй-бүлөнүн кыйрашына жеткирерин эске алуу шарт. Уй жылы бекем үй-бүлө күтүүнүн символу болмокчу. Андыктан энергияны бала-бакыра, тууган-урукка жумшоо гармониялуу жашоону тартууламакчы.

Читайте также:  Кто по славянскому гороскопу рак

Меркурий планетасынын сүйүктүүсү болгон Эгиздердин талуу жери жүрөк-кан тамыры жана нерв системи болмокчу. Зыяндуу ичимдик же азык-түлүктөн баш тартуу сунушталат. Биринчи кезекте көңүл буруучу маселелер: депрессияга чалдыгуу, невроз, жүрөк-кан тамыр оорулары, ооз көңдөйүнүн абалы (тиштин саламаттыгы, пародонтоз жана башка), ашказан-ичеги оорулары жана ашыкча салмак.

2021-жылдын 1-декадасында жакшы эмгектенгендер үзүрүн көпкө күтүшпөйт. Тапкан каражаттын бир бөлүгүн үй-бүлө же достор менен эс алууга сөзсүз бөлүңүз. Быйылкы жылы топтолгон стрессти чыгарууга жакшы шарттар түзүлөт. Акча каражатын үнөмдөп, пайдасы жок нерселерди сатып алуунун санын кыскарткан оң. Май айында көптөн бери самап жүргөн буюмга жетесиз. Башты көбүрөөк иштетип, оор иштерди жасоодон оолактоо сунушталат. Антпесе айттырбай келген кырсыктар тооруп, анын ордун толтуруу үчүн каражат көп сарпталып кетиши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

2021-жыл Букачарлар үчүн ийгилик жана комфорттун коштоосунда өтөт. Айрыкча жаз-күз мезгилдери эң жагымдуу көз ирмемдерди тартуулайт. Бизнес чөйрөсүндөгү адамдар пландап жүргөн иштерин коркпостон ишке ашыра берүүсү керек. Жылдын ортосу Букачарлар үчүн асмандан белек жаагандай эле болору күтүлүүдө. Ошентсе да күздүн соңу менен кыйчалыш иштер орун алат. Каатчылыктан адал эмгек, ак иш менен чыгып кетүү жолу бар.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Бойдок кыздарга 2021-жылдын биринчи жарымында жеке мамилелерди жөнгө салуу сунушталат. Дал ушул мезгилде өмүрлүк жарын кезиктирип калуу бактысы бар. Ал эми жигиттер үчүн күтүүсүз таанышуулар чоң сүйүүгө себепкер болуп калышы ыктымал.

Үй-бүлөлүү түгөйлөрдүн жашоосу мамилелердин жаңы багытка бурулушу менен коштолот. Балдардын окуусундагы мүчүлүштүктөр аларды кыйнап коюшу мүмкүн. Урушпай жардам берип, билимин тыкыр көзөмөлдөө сунушталат.

Спорт менен машыгуу, денени сергек кармоо, витаминдүү тамактар менен азыктануу. Мунун баарын эч ким эрежелерден алып коё элек. Букачарлардын ден соолугунда ашказан-ичеги оорулары, тиш оору, уйку бези, калкан бези сыяктуу органдар маселе жаратышы ыктымал. Мындан тышкары ашыкча салмак жана алкоголдук ичимдиктерге көнүү коркунучу жаралат.

Букачарларга финансы жааты чоң деле маселе жаратпашы ыктымал. Киреше дарыя болуп агып келбесе да, булактын агымындай тынымсыз келип турат. Жылдын башы айлык акыга кошумча кошулуусу, мурда баштап коюп пайдасын көрө албай жүргөн кичи бизнестердин жемишин бере башташы кубандырат. Жаз айларында ири суммадагы каражат же жакындардан калган мурас колго тийиши күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бөйөн жылдызынын алдында төрөлгөндөр бардык ишти логикага салып чечкендер. Ушундай эле тенденциядагы ой жүгүртүүсүн жумушуна жана бизнеске жумшаса, үзүрүн күз мезгилинде көрүп калышы ыктымал. Бул жылы майда-баратка көп көңүл бурбай, кыймылсыз мүлк алууну максат кылып, каражат чогулта баштоо керек. Жалгыздап иштегендерге күч келет.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Махабат фронтунда жүрөктү тыңшоо сунушталат. Бойдок бийкечтердин жазда тапкан сүйүүсү үй-бүлө күтүүгө жетиши мүмкүн. Эң башкысы, тандоодон адашпоо керек. Ал эми мырзалар түгөйүн тапса, мамилени олуттуу стадияга чыгаруусу шарт. Бөйөндөрдүн үй-бүлөсүндө жаңы толуктоолор орун алышы күтүлөт. Мамилени сактап калуу үчүн жеке сүйлөшүүлөрдү байма-бай жүргүзүп туруу кажет.

Сезондук оору-сыркоодон сак болуңуз. Көңүл бурбай коюу өнөкөт оору табууга чейин алып келет. Тамактануу режимине да көңүл буруу кажет. Көңүл буруучу маселелер: ашказан-ичеги оорулары, ангина жана тонзиллиттин алдын алуу, сасык тумоо, жүрөк-кан тамыр системи, стресстин алдын алуу сунушталат.

Читайте также:  Гороскоп для бритни спирс

Уй жылы Бөйөндөрдүн каржы маселесин көңүл сыртында калтырбайт. Бирок тынбай иштеп, кийинки жылдын да каржы жагын ойлоно жүрүү сунушталат. Кызмат ордунда жаралчу кыйынчылыктар жай айларына туш келет. Бир аз акча тартыштыгы орун алат. Күз айларында абал турукташып, кошумча каражат келчү булак табылат. Интуиция алдашы мүмкүн, көнгөн адатыңыз боюнча логика менен маселе чечкениңиз артык.

(Уландысы кийинки сандарда)

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..

Источник

Букачар жылдызы

Букачар — чечкиндүү жана эптуу зодиак белгиси. Жер белгисинин окулу болуп, Букачарлар материалдык иштерге тартылып, жашоонун эптуу жактарына бурулат, ошондой эле материалдык баалуулуктарга умтулат. Бул зодиак белсиги жайлуулукка умтулуу жана оз жашоосунан ыракат алууга озун окшоштурат. Анткени, Букачарлар учун акча — бул купюралардын саны эмес, бул кагаздарга ээ болуу менен ар турдуу жыргалдыктардын озуно тартуулоочу сандар.

Букачарлар коркомдуктордун баалоочусу, кооздуктардын суйуучусу. Бул зодиак белгисинде торолгон адамдар, корком формаларды, буюмдарды жана кийимдерди артык коруп, озунун сырты кебетесин карап турат, а бул алардын ден-соолугуна жана маанайына байланыштуу болот. Сезимталдуулук жана сентименталдуулуктун бир болукчосу бул Венера менен Айдын таассири, жана бул таасирлер Букачарларга эмне керек, а эмне кереги жок экенин так билип, чечкиндуу татымды жана туура баамдоону берет.

Букачарлар учун материалдык мамиледе да, эмоционалдык планда да бекемдик/туруктуулук маанилу. Букачарлар айланасындагы адамдарды алардын жашоосунда маанилуулугуно жараша тандай алат, ошондой эле жаны таанышууларды келечекте пайда алып келуусуно жараша баамдайт.

Букачарлар оз жашоосун пландап, бардыгын текчелеге коюп, оз иш-аракеттеринин тартиптерин эсептоого ийимдуу, жана бул коп учурда пайдасыз калбай, оор тиричиликте жардамын гана тийгизет.

Букаарлар дээрлик тынчтыкту суйуучулор болуп, чыдамдуулук жана туруктуулук сапаттарына ээ. Бирок мунун баары алардын чыдамынын тугонгонуно чейин кармалат. Анткени, булардын гармониянын талаптары маанилуу факторлордун бири. Дал ушулар буларды дайыма чыдамдуу болууга туртот.

Озуно жана озунун ички унуно жана онуккон интуициясына ишенип, Букачарлар байкоочу болгонду каалап, алдын ала эмес, кандайдыр бир иш-аракеттерден кийин натыйжа чыгарууга аракет кылат. Букачарлар акыл тыянактарына караганда, сезимдердин кабылдоосуна берилет.

Чечкинсиздик Букачарлардын алсыз жагы, жана бул сапаты мене Букачарлар озуно гана эмес, башкаларга да ынгайсыздыктарды алып келет. Булар озулорун казып, майда чуйдолор устундо акыл калчаганды жактырбайт, анткени, ага караганда объективдуулукко ийимдуу. Букачарлардын дуйно алардын айланасында айлануу сезими, тегерегиндегилерге лоялдуу болууга тосколдук жаратат.

Букачарлар башка зодиак белгилерине салыштырмалуу динге азын-оолак көп ишене бербейт, андан көрө тадырга жана ийгиликке көбүрөөк ишенет. Булардын мамилечилдигине жана ачыктыгына карабастан, Букачарлар жетишээрлик сырдуу келет, өзгөчө сөз өзүлөрү жөнүндө болуп жатса.

Букачарлардын ичинде, айкөлдүк, арамдык жана өзүмчүлдүк менен күрөшүү абалында болуп, буларга «беруу-кабыл алуу» формуласы менен жашанганды үйрөнүп алуу зарыл. Сергек акыл, прагматизм, интеллектуалдык жана жөнөкөйлүк — мунун баары Букачарларга тиешелүү мүнөздөр. Бирок Букачарлардын башка зодиак белгилеринен сезимталдуураак келээрин эске алып коюуу абзель.

Бала чагынан эле кыялкеч болгон Букачарлар, жашоодо аларды эмне курчап турса анын баарын идеалдаштырууга ийимдүү болот, анын ичинде сүйүү да бар. Убакыттын өтүшү менен мүнөзүнүн жана иш-аракеттеринин улам жаны өзгөчөлүктөрүн ачып, булардын сезимдери акырындык менен өсөт. Качан булардын сокур эсинде жарылуу болгондо, булардан сезимталдуу белги жок болот.

Читайте также:  Самые счастливые пары по гороскопу

Өзүнүн айланасындагылардын баарына эптүүлүгүнө карабастан, сүйүү жана мамилелер бул Букачарлар үчүн башка нерсе. Булар сүйүүгө бутунан башына чейин, башталышынан аягына чейин берилет. Жана жыйынтык кандай болот маанисиз, анткени, Букачарларды критика да, жыргалдык үчүн кеңештер да, дискомфорт да, жашоо кырдаалдары да токтото албайт. Бул Букачарлардын айтылган өзгөчө сезимталдуулугу, жана бул өз пассиясына болгон мамилени тешип өтүп, жөнөкөй физикалык жакындыктан бир нече эсе өйдө болот. Букачарлардын сүйүүсүнүн сырдуулугу укмуштай жүрөктү элжиреткен жана назик болот.

Букачарлар өз сүйгөнүнө болгон мамиледе абдан өзүмчүл болуп, бирок өзүлөрүн бул сүйүүгө толук бойдон, калдыксыз берет. Эгер чындык Букачарлардын көз алдында реалдуулук менен кездешпей, ар башка жолдор менен кетсе, булар өз жолунда өзүлөрү түзгөн азаптарды башынан өткөрөт, аларга: күйдүргү кызгануучулук, өлүмгө тете муңаюуу, алкоголизм, соргоктук, акыл-эстин тумандашы, ал гана эмес жараланган жүрөктүн азабынан өзүнө-өзү кол салууга да барышы мүмкүн.

Букачарлар менен болгон мамиле бул түйшүккө баткан кырдаалдардын чаташкан окуялары. Бирок Букачарлар менен болгон нике бул — башында «гармония» деген аталыш менен турган, көз-жаштуу финалдарды кесип салган жомок.

Букачарлар өз түгөйүнө мыкты үй-бүлөөчүл болбостон, камкордуу ата-эне да болуп, өз балдарын назик жана жылуулук менен тарбиялайт, бирок ошол эле убакта бекем тартипте да тарбиялап, балдарына кандайдыр бир жеңил денгээлде диктатор болот. Букачарлардын үй-бүлөөсүнө жана досторуна болгон ишенимдүүлүгү, кээде өзүнүн күчтүүлүгү менен адамдарды таң калтырат.

Букачаларды барын өзүнө тартуучу жана көңүлдөрдү өз персонасына чогултуучу, өзгөчө мыскылы айырмалап турат.

Акча жагына кайрылсак, Букачар менен акча дайыма жетелешип жүрөт десек жанылышпайбыз. Булар акча тапканды да, аны коротконду да жакшы көрүшөт. Булар чоң суммадагы акчаны утуп алып, тез байып кетүүгө ийимдүү эмес. Букачарлар тепкич аркылу өйдөгө, кадам артынан кадам шилтеп, өзүнүн кичинекей жеңүүлөрүн табышат. «Оңой акча» Букачарларды арам кылып коюуусу мүмкүн, бирок башка учурларда арамдык Букачарларда жашабайт.

Темпераменттүүлүк жана импульсивдүүлүк Букачарлардын иш-аракеттеринде сейрек кездешет, бирок, эгер пайда болсо, таамай болот. Эгер булар бир нерсеге кыжырланып, жини келсе, алдынан чыккандын баарын кыйратып салууга мүмкүндүгү жетет.

Белгилүү болгондой эле, кежирлик кайсы гана Букачарлар болбосун, бул алардын мүнөзүнүн бир бөлүгү. Бул алардын үстүнөн мүмкүн болбой калганга чейин үстөмдүк кылат. Бирок бул жаман эмес, тескерисинче, булардын чыдамдуулугуна, арызданбай жана кимдир бироону күнөөлөбөй өз ийинине артып жүргөнүнө баа берсе болот.

Букачарлар тагдырдын канчалаган соккуларына чыдап, сынып калбай, нарктуу башын которуп алдыга кадам шилтегени үчүн ардак тактыга жуз пайызга татыктуу десек ашык болбос.

Букачарлардын негизги принциптери:

1.Бир нерсе сатып алууга акча аябайм, майрамдаганга аяйм.

2.Мага башканын кереги жок, меникине да тийбегин.

3.Жылуу урушка караганда, жакыр дүйнө жакшы.

4.Жакшы отуруп алгандын тынчын кетирбе.

5.Көркөм күн батышка караганда, көркөм диван жакшы.

6.Тамак-аш бул олуттуу нерсе.

7.Жароокер музоо, эки эмчектен сүт эмет.

8.Экинчи болуп баратканда, куч-кубатты үнөмдөйсүң.

9.Бир жолу колдонуучу оттукту эң жаман көрөм..

10.Дегустатор — бул менин чыныгы кайталангыс сапатым.

Источник

Оцените статью