Гороскоп боюнча аялдарга муноздомо
№929 24-30-сентябрь, 2020-ж.
Буга чейин нумерология илими тууралуу уккандырсыз. Эми ошол сыяктуу эле сандарга байланышкан, бирок нумерологиядан башка сюцай илими тууралуу айтып беребиз. Бул илимди казакстандык профессор Жанат Кожомжаров негиздеген. Ал эми Сюцай эл аралык мектебин ачып, илимди элге таратып жаткан Ассель Момукулова аттуу кыргыз айым. Бул илим тууралуу бизге сюцай илиминин чебери, цифролог Эркинай Мамытова айтып берет.
Сюцай – адам тууралуу анын туулган датасына карап билүү. Кытайда кайсы бир император команда куроо үчүн ушул сюцай адистерине кайрылып турган. Тагыраагы, жан-жөкөрлөрүнүн туулган датасына карап кимисине эмне ишти тапшырса болорун чечкен.
Адамдын туулган күнү – аң-сезим саны (число сознания, акыл саны) . Кайсы датада төрөлсө, ошол сандын программасы, ошол планетанын таасиринде болот. Сандар 1ден 9га чейин алынат. Эгер туулган күнүңүз 2 орундуу сан болсо, ал эки санды бири-бирине кошуп, 1 орундуу сан чыгарып аласыз. Мисалы, сиз 22-сентябрда туулган болсоңуз, 2+2=4 болот. Аң-сезим саныңыз – 4. Сюцай илиминин нумерологиядан айырмасы – ошол туулгандагы программадан чыгып, жашоону жакшыртууга, бактылуулукка карай жол табууга багыт берет.
1 САНЫ – 1, 10, 19, 28 (УШУЛ ДАТАЛАРДА ТӨРӨЛГӨНДӨР)
Булар лидер, демилгечил, идеалист адамдар. Ар бир абалды, кырдаалды жакшы жакка өзгөртүп карашат. Өтө күчтүү стратег-финансисттер, оратор, мотиваторлор. Башкаруучулук кызматка барса жакшы. Эгер бирөөнүн кол алдында иштеп калса жан дүйнөсү жабыркап, азап чегет. Сынды кабыл ала алышпайт. Бирөө чыккынчылык кылса “кара тизмесине” киргизет да, өмүр бою алар менен мамиле кылбайт. Эгосу күчтүү, деспот – адамды өтө катуу кармайт. Башкаруучулуктан ырахат алышат.
2 САНЫ – 2, 11, 20, 29
Булар иштин майын чыгара аткарат, ошон үчүн 2 менен 8 жок жерде иш жүрбөй калат дешет. Идеалист, материалист, дипломат, көп чыр чыгарбаган, акырын түшүндүрүп иш кылгандар. Мүнөзү жумшак, өтө сезимтал. Башкаларды түшүнүү менен иш кылышат. 2 санынын алдындагы айымдар идеалга жакын, эркектер буларды бир көргөндө эле ашык болуп калышат. Анткени жалгыз ушул 2 санындагы аялдардын денесинде “амрита” ширеси бар. Ал эми 2 эркектер кыз жандуу келип, мамиле жок болсо азап чегишет. Анан да жоопкерчиликтен качып, бирөөгө түртө салмай адаты бар.
3 САНЫ – 3, 12, 21, 30
Максатка, билимге умтулган, камкор, кызыктуу адамдар. Юпитер чоң, оор планета, ошондуктан алар төрөлгөндө эле көп нерсени биле тургандай болуп төрөлүшөт. Булардын төл сөзү – “мен билем” . Оңою менен бир нерсеге ишенишпейт. Инструкция менен жүргөндөр. Буларда романтика жок, камкордукту сүйүү деп ойлошот. Окутуучу, үйрөтүүчү болсо жакшы. Мыкты дарыгер, мыкты ашпозчу чыгат. Буларга “мен эч нерсени билбей турганымды билем” деген аффирмация керек. Билген билимин Жерге таратсын деп Кудай колдоп турат.
4 САНЫ – 4, 13, 22, 31
Чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, креативдүү адамдар, фотограф, дизайнер болсо жакшы. Креативдүүлүк кылбаса жан дүйнөсү жабыркайт. Трансформатор – сөзү аркылуу адамдарды өзгөртө алат, новатор. Башкаларда энергия төбөдөн кирип денеге толук тараса, буларда энергия келип моюнда токтоп калат. Калган денеге энергия толук жетпегендиктен канааттанбай, дайыма нааразы болуп наалыгандар. Кичине эле бир нерсе жакпаса революция жасай бере тургандар. 4төр сүйлөп жатканда энергетикалык жактан айланага боз туман түшүп, адамдардын акылы жабылып калат. Анткени жанагы энергия башын лампадай жарык кылып, башкалардын көзүн караңгылатып коёт. Демек, буларга алданып калуудан этияттаңыз.
5 САНЫ – 5, 14, 23
Булар бир орунда тура албагандар. Бизнесмендер, мээси кечке эле саткысы, акча жасагысы келе берет. Алар бийликке келип калса соода согушу башталат. 5терде логика, техникалык интеллект күчтүү иштейт, мисалы, майда-барат, механика, архитектор, акча санаганга жакшы. Бирөө менен бат тил табышат, көп сүйлөшөт. 5тин оозу менен Жараткан өзү сүйлөйт, ошого булар каргап-шилөөдө этиятташ керек. Адамдарды кийими аркылуу таанышат. 5терди хамелеондор деп коёт. Мисалы, бирөө менен жарым саат сүйлөшкөндөн кийин маектешинин кейпине өтүп алышы мүмкүн.
6 САНЫ – 6, 15, 24
Эмоционалдуу, чыгармачыл. Мыкты кеңешчи, анткени туулгандан эле акылмандык кошо берилген. Көп окуп, илим менен кетсе даанышман адам чыгат. Бирок булар өздөрүн китеп окубай эле кыйынмын деп ойлошот. Жерде бул сандагылар 15 пайыз эле төрөлөт. Комфорт, сүйүү, секс деген адамдар. Буларга 2 жактан энергия кирет: акылмандуулук жана сексуалдуулук энергиясы. Кудайдын сүймөнчүктөрү, жашоосун жеңилдетип турат. Ошондуктан аларга адамдар көп көрө албастык жасашат, мындан коргонушу керек. Алар адамдарды тандап жакшылык жасашат.
7 САНЫ – 7, 16, 25
Буларда энергия ылдыйдан жогору карай кирет, башында 3 эле пайыз энергия бар. Ошондуктан идеяларды ойлонуп отурбай бат ишке ашырганга шашышат. Эртең менен Бишкекте болсо, кечинде Ошто болуп калышы толук мүмкүн. 7нин агрессиясы анын жасаган эмгегин тааныбай койгондо чыгат. Депрессияга кабылса баш аламан ойлордон оюн жыйнай албай, өзүн жакшы түшүнө албай калат. Суицидге жакын болушат. Наркомандар, аракечтер чыгып кетиши мүмкүн. Булар турак жай маселелеринде абайлабаса, көп алдатып жиберишет. Ошондуктан 7 болсоңуз, мунун баарын иреттегенге аракет кылыңыз.
8 САНЫ – 8, 17, 26
Буларга жыйынтык маанилүү, 1ге окшоп жаркырагысы келет, бирок ишке ашпайт. 1 менен 7ден айырмасы – жетектейт, башкарат, жадакалса иштин баарын өзү жасап коюшу мүмкүн. 8дердин мээси күнү-түнү тынбай иштейт. Ошондуктан мээни иштетип чарчатып туруу керек. Антпесе инсультка эрте кабылуу коркунучу бар. Булар мыйзамдуулуктун сакталышын каалайт. 8 бардык нерсени көзөмөлдөп, тактап туруп өткөрөт, реалист, фактыга гана ишенет. Жан дүйнөсү материалдык байлыкка жакын, бардык жерден жыйынтык күтөт. Эмоция жок. 8дер эч кандай жумуштан качпайт, кандай жумуш болсо да иштей беришет.
9 САНЫ – 9, 18, 27
Куткаруучулук жакта көп иштешет, анткени дайым жардам берүүгө шашышат, бирок «жакшылык кылдымбы, сен да кыл» деп жооп күтүшөт. Көзүңдөн оюңду шарт түшүнгөн адамдар. Эмоционалдуу, бирок анализ кылганды билишпейт. Девизи: «келдим, көрдүм, жеңдим» . Авантюрист, экстримди жакшы көрүшөт. Алардын фишкасы жардам берүү, жакшылык жасоо, пайда келтирүү. Кимди бетке уруш керектигин билишет. Бир нече ишти баштап туруп, бүтүрбөшү мүмкүн. Бала кыял. Өрт болуп жатса башкалар өзүн ойлоп секирбеши мүмкүн, 9дар анализдебей туруп секирип кетишет.
Окурман, бул программа урагыс чеп эмес. Сюцай илими бул программадан чыгып, жашооңду жакшырт дейт. Мисалы, 8 санында төрөлгөн болсоңуз, бир кадам артка жылып, 7нин программасынан жакшы жактарын, кайра эки кадам алдыга жылып, 9 санынын программасынан жакшы жактарын алыңыз дагы, ийгиликке жетиңиз.
Источник
Гороскоп боюнча аялдарга муноздомо
№626 31-октябрь-6-ноябрь, 2014-ж
(24-октябрдан -22-ноябрга чейин төрөлгөндөр)
Табияты (стихиясы) – Суу
Колдогон планетасы – Марс
Ташы – аквамарин, лаал
(рубин), коралл
Түсү – кочкул кызыл, сары
КИМДЕР МЕНЕН ТИЛ ТАБЫШАТ?
Мыкты шайкеш келе турган жылдыз белгилер – бөйөн, текечер, балык, букачар.
Тил табышып кетүүгө мүмкүн – жаачы, бийкеч, чаян, эгиздер.
Такыр тил табыша албагандар – суу куяр, тараза, арстан, кой.
ЖУМУШ, КАРЬЕРА
Көп күчтү, эркти жана ойлонуп жасоону талап кылуучу татаал, оор иштерди сүйүшөт. Ички туюмдары жана эс-тутумдары мыкты. Кырдаалды бат аңдап, туңгуюктан жол таап кете алышат. Идеяларга бай, беттегенинен кайтпас өжөрлөр. Андыктан аларга илимий-изилдөө иштери, криминалистика, хирургия жана психология туура келет. Карьерадан бат көтөрүлүп кетүүгө күчүн аяшпайт. Бирок адамдар менен оңой таанышып, аралашып кете алышпайт.
Ден соолук. Чаян жылдызындагылар аз оорушат, бирок бир сыркоолошсо катуу оорушат. Көбүнчөсү мурун (көпчүлүк учурда канайт), тамак, жүрөк, арка-бел, бут оорулары менен жабыркашат.
Үй-жай. «Үйүм – чебим, үй-бүлөм – сыймыгым» дегенди туу туткан чаяндардын үйү ээсинин өзгөчөлүгүн белгилеп, курулушу болобу, ички-сырткы жасалгасы болобу, башкалардыкынан бөлүнүп турат.
Эс алуу, хобби. Спортту сүйүшөт. Суу жээгинде эс алууну жана жамгыр алдында басып жүргөндү баалашат. Тынч, эл жок (же эл аз) жерде отуруп алып ойлонууну, китеп окууну жактырышат.
ЧАЯН – ЭРКЕК
Достукка бекем, шериктерин оор кырдаалда ташташпайт. Акча табууну жана аны көбөйтүү жолдорун билишет. Калпты бат эле сезип коюшат. Өздөрүнө талапты катуу коюшкандыктан, башкалардан да ошону талап кылышат. Ушул себептүү булардан каардуу жана ырайымсыз жетекчилер чыгат. Бирок өзүн-өзү сындап, өзүн ичтен жей бермей адаттары, анан сараңдыгы бар.
Сүйүүгө келсек, кызганчаак жана шекчил жандар. Сезимдерин элден жашырышат. Эл алдында өздөрүн орой, жубайына көңүл бурбаган, аны менен акылдашып иш кылбаган эркек катары алып жүрүшөт. Бирок үйдө алардан ашкан сүйүктүү, ыкластуу күйөө жок.
ЧАЯН – АЯЛ
Булар кылыгы жана сымбаты менен эркектерди магнит сыяктуу тартып турган айымдар. Өз алдынчалыкты сүйүшөт жана эрктери күчтүү. Өтө кумарлуу экендигине карабай никедеги туруктуулукту баалашат. Ушул себептүү өздөрүнө татыктуу эркектерди издешет. Күйөөсүнөн көптү талап кылышат, ошого жараша өздөрү да жоопкерчиликтүү жандар. Кекчил болушкандыктан ылайыгын келтирип туруп чагып алышат. Абдан ачуусу келгенде жанар тоо атылгандай болот.
МЫКТЫ САПАТТАРЫ – максатка умтулуучулук, токтоолук, чыдамдуулук, чечкиндүүлүк жана жоопкерчиликтүүлүк.
НАЧАР САПАТТАРЫ – Кызганчаактык, өзүн-өзү билемдик, ырайымсыздык, кекчилдик.
ЧАЯН – НАРИСТЕ
Кичинесинде агрессивдүү келишип, согуш оюндарына басым жасап, курал оюнчуктар менен ойношот. Алардын мындай оюндарын акыл оюндарына алмаштырып, боорукерликке тарбиялоо кажет. Болбосо ырайымсыз болуп чоңоюп калышы мүмкүн.
Сезимтал жана лидерлер. Бир нерсени максат кылып алса, ага жетмейинче жандары тынчыбайт. Аларды айнытуу да кыйын. Андыктан максат-тилегин сезип-билип, кызыктуу жана пайдалуу жакка буруп туруу оң. Сырдуу көрүнүштөргө жана мистикага жакын болушат.
«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Источник
Суперстан: Супер легенда-астрологиялык жыл ээлери толгосу. — Суперстан
- >Негизги темалар
- >Билерман
- >Илим жана техника
- ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
- Соңку билдирүүлөрдү кароо
- (5 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
- Сиз жаңы тема ача албайсыз
- Темага жооп жаза албайсыз
Супер легенда-астрологиялык жыл ээлери толгосу.
#1
StefaN.
03 Март 2013 — 02:09
- Карапайым
- Тайпасы: Тартип бузгандар
- Билдирүүсү: 124
- Катталган: 18 Февраль 13
- Соңку аракети: 29 Апр 2014 11:06
- Жынысы: Эркек
Орусча китептен кыргызчага которуп, озум жазып жаткандыгым учун, кечиксем кечирим сурайм.
Жыл ээлери.
Чычкан
Уй
Арстан
Коёон
Балык
Жылан
Жылкы
Кой
Маймыл
Тоок
Ит
Донуз
Карматпас- Чычкандын Мунозу (характерные черты)
Он тарабы(Ой жугурткуч, Ишенимдуу, Жагымдуу, Мамиле чебери, Токтоо, Акылдуу, Чыдамкай, Сезимтал, Чынчыл, Эрктуу)
Терс тарабы(Басмырлагыч, Саран, Тунт, Озумчул, Ушакчы)
Эркек чычкан- Акылдуу анан да, алар озунун гана акылы менен кенешип жашашат. Чечкиндуулугу менен айырмаланып, коомчулук менен достукта жургонду суйушот. Жаны-жаны ойлор жаны идеалар менен мактана алгандыгы да бар. Эркек чычкан эч качан колуна келген шансты койо бербейт! Биринчиликти суйуп шайыр шамдагайлыгы менен коп айымдардын конулуно чок салууга чебер. Дагы да болсо мисалга алсак эгерде достор менен кафеге барып калса албетте бут чыгымды мойнуна которо алган эрдиги бар! Талант жагынан оздук дептер анан кундолук тутуп ойлорун кагазга тушургонду да жактырышат. Чычкан жылында белгилуу жазуучу Лев Толстой менен Уильям Шекспир торолгон.
Айым чычкан- Эркек чычканга караганда айым чычкан кыйла ой жугуртуу жаатында мыкты келишет, эгер алар бир максатты самаса созсуз турдо жетише билгендик таланты бар. Заман модасы менен артта калбай достор арасында козго жагымдуу корунушот. Айым чычкан таза жана тыкандыкты жактырат. ал оз ойун айтуудан тартынбайт жана чындыка жакын. Ар бир инсанга жараша жана оз нугу менен жооб кайтарып эч бир адамдын шагын сындырбаганы анын акылдуулугу менен айырмаланат. Айым чычкан курбулары менен кеп кенешип ошол эле учурда ушактан да кур калбаганды суйушот. Ошондуктан сыр алмашкандан сак болунуз. Башынан эле айым-чычкан аярлуу жана назик сезимтал. Айымдан Уйдо суйуктуу туруктуу жар мээримдуу эне болушат.
Уч-бурч достук. Чычкан,Маймыл, Балык. Ушулар менен жашоодо жакшы тил табышып ойлору биримдикте боло алат.
Келишпегени. Жылкы
Сезим Мамилеси.
Чычкан Койон менен. Даражасы (6) — Эч кандай озгочолуксуз бирок сынап корууго мумкун.
Чычкан Балык менен. Даражасы (9)-Эн мыкты тугойлор.
Чычкан Жылан менен. Даражасы (6)- Дос болуп эле калган жакшы.
Чычкан Жылкы менен. Даражасы(3)- Жок,жок,жок! Эч качан биримдикте боло алышпайт!
Чычкан Кой менен. Даражасы(5)- Достуктан томон.
Чычкан Маймыл менен. Даражасы (9)- Суйуу, кубаныч жар болгон тугойлор.
Чычкан Тоок менен.Даражасы(6)- Сынап корууго мумкун.
Чычкан Ит менен. Даражасы (7)- Эмне учун жок.
Чычкан Донуз менен. Даражасы (8)-Албетте тил табыша алышат.
Кен пейил Уй. Мунозу
Он тарабы( Ишеничтуу, Уйуштургуч, Сак, Кадыр барктуу, Чечкиндуу, Токтоо, Туз, Так)
Терс тарабы( Текебер, Ишенчээк, Чыдамсыз, Эригичтуу, Бетке чабаар, Муздак)
Эркек Уй- Уйдо ыссык табийгый тамакты жактырат. Тазалык, тынчтыкты суйуп жаны алмашууларга конулу чаппайт, болгону кандай болсо ар бир нерсе, ошондойчо кала бергени он деген ой менен жашайт. Ал ишенимдуу жана кен пейил, эмне жумуш аткарса да озунун ак пейили учун аткарат. Коп суйлогондун ордуна он созго бир соз гана айтат да компания арасында тунт. Озуно ишенгени менен, ал эч качан ийгилик жана данкка умтулбайт. Озуно тын, анан да озунун алсыз жана сезимин билдиргиси келбейт. Бул чыныгы ой жугурткуч философ деген баа бергени татыйт, бирок ал шам алдында тунку тамакты кутууго анча деле кайыл эмес анткени ал романтик жигит боло албайт. Болгону ал жону жок создордон маани таба албайт, да ар бир сезимди соз менен эмес, аракет менен козго корсотууну туура билет. Жашоодо Эркек Уй бактылуу болуу учун оптимист болуусу керек, жана эригичтуу болбоосу зарыл. Жашоо ушунча керемет жашоонун таттуу даамын таттуга уйронуш керек.
Айым Уй-Эркек Уйга салыштырмалуу ага ишенууго мумкун жана ал чечкиндуу ачык. Ал соз чеберчилиги менен айырмаланып эгер сиз тогузду суйлосонуз албетте ал сизди он суйлоп жене билет. Анын эрки кучтуу экенине кубо болосуз. Айрыкча алар адилеттуу жана ар бир адамдын оюн эске ала билишет. Досторуна берилип ишенуу менен аларга туруктуу боло алат. Бирок эске алуу керек алар эч качан саткындыкты кечире алышпайт. Закон жана салт-санааны колдойт эгер анын жакынын башына мушкул тушсо ал карап тура албайт созсуз турдо колунан келгенин кылып жардам колун сунат. Уй булоодо мээримдуу эне суйуктуу жар бирок романтиканы талап кылбайт. Коп учурда озунон кичуулор ага ашык болушат. Айым Уй жашоодо бироону каттуу жектебей сылыгыраак болгону жакшы.
Уч бурч достук- Уй, Тоок, Жылан.
Келишпегени- Кой.
Сезим мамилеси.
Уй Чычкан менен. Даражасы(8)-Абдан жакшы тугойлор.
Уй Уй менен. Даражасы(7)-Туболукко кол узулбой бирин бири тушуно биле алышат.
Уй Арстан менен. Даражасы(6)- Татаал жана мумкун эмес.
Уй Койон менен. Даражасы(6)- Тенсиз мамилелеш.
Уй Балык менен. Даражасы(5)-Жакшысы баш тартуу он.
Уй Жылан менен. Даражасы(8)- Ийгиликтуу тугойлор.
Уй Жылкы менен. Даражасы(5)-Тилекке каршы окшошпойт.
Уй Кой менен.Даражасы(4)- Жакшысы бири биринен алыс эле болгону он.
Уй Маймыл менен. Даражасы(8)-Бекем.
Уй Тоок менен. Даражасы (8)- Бири бирин колдон чыгарбоо зарыл.
Уй Ит менен. Даражасы(5)-Мумкун эмес.
Уй Донуз менен. Даражасы(6)-Эмнеге сынап коруу мумкун эмес.
Кучтуу-Арстандын Мунозу.
Он тарабы(Ишеничтуу, Кучтуу, Барктуу, Оптимист, Эр журок, Чынчыл, Чечкиндуу, Эмгекчил)
Терс тарабы( Озумчул, Текебер, Бетке чабаар, Чыдамсыз, Шекчил)
Эркек Арстан- Башкаруу анан бироого баш ийбоо керек деген принцип менен жашайт. Бироо бийлик ордунда туруп ошол данкы менен Арстанды эч качан басмырлай албайт. Ал озунун колу ачык кен пейилдиги менен Айымдардын журогуно чок салып жалындуу сезимдерге курсап койот. Умтулгуч болгондуктан уй-булоодо дайыма кем-кос болбойт. Суйуудо Эркек арстан махабатына бек жана ал менен эч качан конулсуз болбойт. Бирок Эркен Арстан бат муздап калат, эгерде конулуно тийсениз. Ошону эске алыныздар.
Айым Арстан- Адатта Айым арстан татынакай-сулуу, жана ажарлуу келишет. Алар ар бир эркектин кыялында болот. Эрктуу, кучтуу сапаты менен, сулуулугу ар бир мырзаны дуулуктуро алган касиети бар. Арстан жылында Мэрлин Монро торолгон. Алар наристелер учун жанын берууго даяр келишет. Бирок Айым арстан эске алуусу зарыл, эч качан озун которуп текебер болоосу керек! Озун колго ала билип, достор менен жылуу мамиледе болсо гана ал идеал айым болот.
Уч бурч достук- Ит, Арстан, Жылкы.
Келишпегени- Маймыл.
Сезим мамилеси.
Арстан Чычкан менен-Даражасы(7)- Эгер бирге болгунар келсе сабырдуулук керек.
Арстан Уй менен-Даражасы(6)- Таттал жана мумкун эмес.
Арстан Арстан менен-Даражасы(5)- Эки Арстан! Мен кенеш бербейт элем
Арстан Койон менен-Даражасы(6)- Эгер кызыгуусу бир болсо гана.
Арстан Балык менен-Даражасы(7)- Казан аяк кагышса да бекем булоо болуу мумкун.
Арстан Жылан менен-Даражасы(4)- Кмм.
Арстан Жылкы менен-Даражасы(8)- Ынтымактуу тугойлор.
Арстан Кой менен-Даражасы(2)- Таптакыр мумкун эмес.
Арстан Маймыл менен-Даражасы(3)- Жакшысы бири бирине кезикпей эле койгону он.
Арстан Тоок менен-Даражасы(6)- -Туболуктуу эмес.
Арстан Ит менен-Даражасы(8)- Махабат каармандары.
Арстан Донуз менен-Даражасы(7)- Алар бири бирине таптакыр жат муноз бирок коркунучтуу эмес.
Шандуу Коёондун Мунозу.
Он тарабы( Артист, Тыкан, Тарбиялуу, Чынчыл, Акылдуу, Таланттуу, Токтоо, Тынч)
Терс тарабы(Избалованный, Чечкинсиз, Тунт, Ушакчы, Таарынчак, Мурдун которгон)
Эркек Койон- Дайыма бактылуу жана конулу ток. Анын достору коп. Кобунчо ал тыкан кйинип жакшы манералары менен айырмаланат. Эркек койон музейлер аралап сурот тамаша калгандан четте эмес. Алар тынч жашоону энсешет, да жаны озгоруулорду жактыра беришпейт. Алар уй булоо биринчи орунда дебейт анткени озулорун гана суйушот. Бирок эгер уй-булоо кутсо камкор ата, суйуктуу жолдош боло алышат. Финансы жаатында алар сак келишет ашыкча чыгымга жол беришпейт. Эмгекчил сапаты коп досторуна жагат.
Айым Койон-Да озун жакшы карап кузгунун алдында кыйлага байланмай адаты бар. Мыралар арасында козго корунор чырайы менен ал дантуу. Ал акча каражатын саран тутпай озунун кийим-кечеги учун аянбай уй булоодо достор арасында ачык кол келет. Тамаша менен курбуларынын, айланасындагы жакындарынын конулун которо билген таланты бар. Ал жалгыздыкты суйбойт. Копчулугу аларды куу деп ойлогону менен, чынында андай эмес! Болгону тынч туболуктуу бакытка жеткиси келишет, алар жаны жаны идеаларга умтулушпайт.
Уч бурч достук- Донуз, Кой, Койон.
Келишпегени- Тоок.
Сезим мамилеси.
Койон Чычкан (6)-Эч кандай озгочолуксуз бирок болот.
Койон Уй (6)- Тенсиз мамиле
Койон Арстан (6)- кызыгуусу бир болсо гана.
Койон Койон (7)- Озгочолуктору болсо гана.
Койон Балык (5) — Такыр башка коз карашта, ошол жолтоо болушу мумкун жашоодо.
Койон Жылан (6)- Эгер аракет болсо жакшы эле..
Койон Жылкы(6)- Дос эле болгон жакшы го..
Койон Кой (8)- Жакшы тугойлор
Койон Маймыл (7) Кызык эле болот..
Койон Тоок (5)- Жакшысы керек эмес..
Койон Ит (7)- Башталышы ийгиликтуу бирок талаш-тартыш болушу мумкун.
Койон Донуз (9)- ТУболук бактылуу болушу толук мумкун.
Аруу Балык — Мунозу
Он тарабы( Идеалист, Искренний, Чечкиндуу, Таланттуу, Кайталангыс, Акылдуу, Эр журок, Ачык кол)
Терс тарабы(Бой котормо, Текебер, Ишенчээк, Чыдамсыз, Бетке чабаар, Кок бет!)
Эркек Балык- Шоумен жана козго суйкумдуу корунуп четте турганды жактырат. Алардын куйормандары коп болот. Эркек Балык эч качан жанылышпайм деген принципти кармап бутунан тайбасын билишет. Алар боорукер бирок ото эле озумчул болгондуктан кээ бир учурда эмнени самап жатышканын да андай алышпай калышат. Бул дуйнодо аны суйгон жана керек экендигин билгизген адамдар бар экендигине кубанып жашашат, жана чындык учун айоосуз курошот душман менен. Ден-соолук жаатында чын келип сыркоолоп калса да бат бутка турушат. Эркек Балыктын куйорманы коп болгондугу учун суйуу жаатында романтикага баш ийишет ай шооласы астында вальс дегиси келип суйуктуусу учун курман болууга даяр.
Айым Балык- Айым балык( Женщины драконы очень привлекательны, перед ними невозможно устоять) Дуйно жузундо ажарлуу айымдар башында Арстан Айым менен Балык Айымдар киришет. Алар бала чактан достор арасында озгочолонуп турушат. Айм Балык ак жана караны жакшы баамдай алышат айрыкча ички туйуму каттуу жогорку денгээлде орчугон. Адилетсиздикти жек корот. Талаттуу болгондуктан Ийгилик учун эмгектен талышпайт. Айым Балыкты алсыз деп козго илбей койууго болбойт, алар эркек менен аял тен укукта деген принципте журушот. Колу ачык кен пейил болгондуктан сарамжал боло беришпейт. Алар досторун жана эн алгач Уй-Булоосун биринчи орунга койуп аларды кыжаалатчылыкка калтырышпайт. Уй-булоодо ото мээримдуу эне туруктуу жар болушат Саткындыкты, калпты аябай жаман корушот ошондуктан чын журок менен мамиле куруу зарыл.
Уч бурч достук- Тоок, Балык, Чычкан.
Келишпегени- Ит
Сезим мамилеси.
Балык Чычкан(8)-Ынтымактуу тугойлор
Балык Уй(5)- Ойлонуп коргон он
Балык Арстан(7)- Жашаса болот
Балык Койон(5) Такыр озго коз караштар.
Балык Балык(5) Конкуренция туболук боло берет.
Балык Жылан(7)-Бир коруп суйуу пайда болот бирок туболуктуу эмес
Балык Жылкы(7)-Мумкун топ келишээр.
Балык Кой(7)-Жакшы туболуктуу уй булоо
БалыкМаймыл(8)- Алар бирин бири баалашат
Балык Тоок(9)-Идеалдуу Тугойлор
Балык Ит(4)- Кезикпей эле койуу он
Балык Донуз(7)-Чыдаса болот.
Билдирүүнү түзөткөн: StefaN.: 04 Март 2013 — 03:07
Источник